Кыргызстандык гимнасттар Сербияда күмүш медаль утушту

Автор

Кыргызстандык гимнасттар Сербиянын Белград шаарында өткөн эстетикалык топтук гимнастика боюнча жогорку категориядагы турнирде күмүш медалга ээ болушту. Бул тууралуу команданын уюштуручулары билдирди.
Маалыматка ылайык, турнир 5-6-октябрда өтүп, ага 16 өлкөдөн 600 гимнаст катышты. Кыргызстандын атынан Сейитбекова Амалия, Токушова Айым, Мадали Амира, Чонбашева Алтынай, Пономарева Таисия жана Сыдыкбаева Алия катышты.
Ошол эле учурда өткөн көркөм гимнастика боюнча турнирде топ менен көнүгүү боюнча алтын алып келген Токушова Айым өзгөчөлөнгөн. Ал эми сегиз жаштагы Арууке Абдырасакова аппаратсыз көнүгүү боюнча үчүнчү болду.
«Мисс Шарм» жана «Мисс Смайл» наамдары Таисия Пономарева менен Алия Сыдыкбаевага ыйгарылды. Гимнасттар гимнастика академиясынын клубунун, ошондой эле Ынтымак спорт жана өспүрүмдөр спорт мектебинин атынан катышууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров жарандык авиация кызматкерлерин куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, өлкөнүн жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат: «Кыргыз авиация тармагынын урматтуу кызматкерлери жана ардактуу ардагерлери! Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Өлкөнүн өнүгүүсүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналган авиация тармагы экономикалык, маданий жана социалдык жактан маанилүү ролду ойнойт. […]

Сизге жагышы мүмкүн