Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко бүгүн, 15-сентябрда, Лас-Вегаста (АКШ) өткөн беттешинде мексикалык атаандашы Алекса Гроссону жеңип, UFC уюмунун чемпиондук курун кайтарып алды
Беттештин жүрүшүндө Шевченко үстөмдүк кылды. Төртүнчү раундда эки ирет муунтуу ыкмасынан чыгып кете алды.
Мушкер кыздар үчүнчү ирет октагонго чыгышты. Биринчи кармашта Гроссо жеңишке жетип, чемпиондук титулду Шевченкодон тартып алган. Экинчисинде экөө тең чыгып, мексикалык спортчу чемпиондук титулун сактап калган болчу.