Кыргызстандык боксчу эл аралык турнирде коло медаль утту

Автор

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Санжай Сейдакматов эл аралык мелдеште коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
“Улуу Жибек Жолу” аталыштагы турнир Азербайжандын Баку шаарында өтүп жатат.
Кыргызстандык спортчу 57 кг чейинки салмакта 1\4 финалдык баскычтан баштады. Биринчи раундда тажикстандык Мухаммадали Хасановду нокаутка кетирип, 1\2 финалда өзбекстандык Худойназар Фаизов аттуу мушкерге 2:3 эсеби менен жеңилип, 3-орунду камсыздай алды.
Белгилей кетсек, 24-мартта башталган турнир 29-мартка чейин уланат. Ага 11 өлкөдөн келген спортчулар катышууда: Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан, Россия, Польша, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Иран, Италия, Пакистан жана Венгрия. Кыргызстандын атынан 5 мушкер катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Жапаров АКШ сенатору Стив Дэйнсти кабыл алды

Президент Садыр Жапаров өлкөгө иш сапары менен келген Америка Кошмо Штаттарынын сенатору (Монтана штатынан) Стив Дэйнсти кабыл алды. Эки тараптуу саясий жана экономикалык өнөктөштүктү арттыруу, энергетика, транспорт, пайдалуу кендерди казып алуу жана айыл чарба тармагындагы келечектүү долбоорлор боюнча пикир алмашуу болду. Ошондой эле тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эл аралык […]

Сизге жагышы мүмкүн