Кыргызстандык боксчу Амантур Жумаев дүйнө чемпиону болду

Автор

Кыргызстандын бокс боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөсү Амантур Жумаев уландар арасында бокс боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу КРнын Бокс боюнча федерациясы билдирет.

Биринчилик Армениянын Ереван шаарында өтүүдө. Спортчу 52 кг чейинки салмакта катышып, финалдык беттеште армениялык атаандашын утуп алган.

Бокс боюнча юниорлор арасындагы биринчилик 24-ноябрда башталган, 4-декабрда аяктайт.

Белгилей кетсек, жаш боксчу Амантур Жумаев буга чейин Казакстандын Астана шаарында өткөн биринчиликте (U-16) алтын медалга ээ болуп, Азия чемпиону аталган.

Бөлүшүү:
Next Post

Өзбекстан крим чөйрөгө согуш ачты

Өзбекстанда “Салимбай байбача” каймана аты менен белгилүү Салимбай Абдувалиев Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалды. Кыргызстанда башталган крим чөйрө менен күрөшүү иш- чарасы өткөн апта Өзбекстанда уланып, анын натыйжасында, “Бахти Ташкентский” каймана аты менен белгилүү Бахтияр Кудраттилаев камакка алынган эле. Кечээ Улуттук коопсуздук кызматы “Салимбай байбачаны” үйүндө кармаган учурда анын ден […]

Сизге жагышы мүмкүн