Кыргызстандык боксчулар эл аралык мелдеште 3 медаль жеңди

Автор

Кыргызстандык боксчулар Россияда өткөн эл аралык мелдеште 2 алтын жана 1 коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, КР бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү Зафарбек Камилов (51 кг), Мырзакир Кошалиев (+92 кг) жана Амантур Жумаев (54 кг) Комсомольск-на-Амуре шаарында өткөн эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту.
51 кг чейинки салмакта Зафарбек Камилов финалдык беттеште беларусиялык мушкер Максим Садовскийди 5:0 эсебинде жеңип алтын медаль тагынды. Ошондой эле +92 кг жогорку салмакта катышкан Мырзакир Кошалиев финалда орусиялык мушкер Илья Бризитскийди 5:0 эсебинде жеңип, мелдештин жеңүүчүсү аталды. Ал эми 54 кг чейин Амантур Жумаев 3-орун алып коло медалдын ээси болду.
Белгилей салсак, 2006-2007-жылы төрөлгөндөр арасындагы Эл аралык мелдеш Орусиянын Комсомольск-на-Амуре шаарында 20-февраль күнү башталып 24-февралда жыйынтыкталды.
Курама команда башкы машыктыруучу Улан Төлөнбай уулу жана машыктыруучу Азиз Абаскановдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май кымбаттады

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын чекене баасынын жогорулашы Россиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордо сатуу бааларынын жогорулашына байланыштуу болууда. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул коңшу мамлекеттерде жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшүндө суроо-талаптын өсүшү менен байланыштуу. «Коңшу мамлекеттер, анын ичинде Өзбекстан жана Тажикстан Россия Федерациясынын мунай иштетүүчү заводдорунан […]

Сизге жагышы мүмкүн