Кыргызстандык боксчулар Дүйнө чемпионатынан кайтып келди

Автор

Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курама командасы Армениянын Ереван шаарында өткөн Дүйнө чемпионатынан кайтып келди.

Спортчуларды “Ынтымак” олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директорунун орун басары Бектур Кокоев, бокс федерациясынын вице-президенти Нурсултан Мойдунов жана спортчулардын жакындары тосуп алышты.

Белгилей кетсек, бокс боюнча жаштар курама командасы Еревандагы Дүйнө чемпионатында 2 медаль жеңди — бир алтын жана бир коло.

52 кг чейинки салмакта Амантур Жумаев алтын медалга ээ болсо, 57 кг чейинки салмак категориясында Дилербек Садиров коло медаль тагынган.

Эскерте кетсек, бокс боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпиону болгон Амантур Жумаев  бүгүн, 6-декабрда Бишкек шаарына учуп келет.

Бөлүшүү:
Next Post

Газа тилкесинен дагы эки кыргызстандык эвакуацияланды

Газа тилкесинен дагы эки кыргызстандык эвакуацияланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар  Газадан Египет аркылуу Каир-Москва каттамы менен чыгарылды. Кыргыз тарап Газа тилкесинен КР жарандарын ийгиликтүү эвакуациялоого көрсөткөн жардамы үчүн бардык тараптарга ыраазычылык билдирет. Белгилей кетсек, буга чейин ноябрдын аягында Газа секторунан Кыргызстандын […]

Сизге жагышы мүмкүн