Кыргызстандык ажылардын экинчи тобу Сауд Араб падышалыгынын ыйык Медина шаарына жетти. Бул тууралуу Муфтияттанан билдиришти.
Маалыматка ылайык, болочок ажыларды уюштуруу боюнча штаб өкүлдөрү тосуп алышты.
«Бүгүн, 14-июнда Кыргызстандык ажылардын экинчи тобу Медина шаарына келишти. Учурда мейманканаларга жайгаштырылып, аларга САПтын ажылык мезгилиндеги эрежелер түшүндүрүлүүдө. Мекендештерибиздин маанайлары жана ден соолуктары жакшы»,-деп билдирген Медина шаарындагы штаб өкүлү Султанали ажы Гапуров.