Кыргызстандыктар эми айрым майрам күндөрү иштейт

Автор

Эмгек кодексинин жаңы редакциясында мурдагы 23 майрамдын ордуна 21 майрам болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова билдирди.
Маалыматка ылайык, эмгек кодексинен 23-февраль, 7-апрель жана 7-8-ноябрдагы дем алыш күндөрү алынып салынды. Бул күндөр майрам, бирок иш күндөрү болот.
“Бирок кыргызстандыктар 8-мартта, 21-мартта, 5 жана 9-майда жана 31-августта эс алышат”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Швейцариядагы тынчтык жыйыны соңуна чыкты

“Украинага тынчтык” саммити 2 күндөн кийин соңуна чыкты. Кабыл алынган декларацияда өлкөлөрдүн эркиндигине жана аймагынын бөлүнбөс бүтүндүгүнө урмат кылуу айтылды. Декларацияга 84 өлкө кол койсо, 16 өлкө кол коюудан баш тартканы белгилүү болду. Жыйынга катышкандар Украинага тынчтыкты камсыздоо боюнча билдирүү жарыялашты. Володимир Зеленский сөз сүйлөп жатып, “орус аскерлери мекенибизден чыгып […]

Сизге жагышы мүмкүн