Кыргызстандыктар иштөө үчүн Түштүк Кореяга жөнөтүлдү

Автор

Бишкекте 39 кыргызстандыктан турган кезектеги топ жумушка орноштуруу системасы (EPS) боюнча Түштүк Кореяга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган программа өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
маданияттар аралык түшүнүшүү, Кореянын тарыхын жана маданиятын үйрөнүү аркылуу кызматташууну алга жылдыруу;
социалдык ченемдер;
корей тилин билүү деңгээлин жогорулатуу;
кореялык коомчулукка жакшы аралашууга жана кабыл алган тараптын жетекчилиги жана кызматкерлери менен өз ара ийгиликтүү аракеттенүүгө жардам берүүчү каада-салттар.
Аталган программанын алкагында борбор 17 жылдан бери Кыргызстандын жарандарын Кореянын ишканаларында ишке орноштуруп келет. Меморандумдун алкагында 5 миңден ашуун жаран ийгиликтүү ишке орношту. Азыркы учурда Корея Республикасында EPS программасы боюнча 1,5 миң жаран иштеп жатат.
Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун болжолу боюнча Кореяга жумушка орношкон 1,5 миң жаран бир айда жалпы 2 млн 700 миң АКШ долларына барабар айлык алышат.
Эмгек мигранттарынын негизги бөлүгү кайра иштетүү өнөр жайында эмгектенишет:
тамак-аш;
химиялык өнөр жай;
кагаз өндүрүү;
пластиктен, резинадан жана айнектен буюмдарды чыгарган заводдор.
Орточо эмгек акысы 1800 АКШ долларын түзөт. Тамак-ашка жана жашоого кеткен чыгымдар (толук же жарым-жартылай) жумуш берүүчү тарабынан төлөнөт.
EPS программасынын негизги талабы корей тилин керектүү даражада билүү болуп саналат.

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстан БРИКСке чакырылды

Казакстанга БРИКСке кирүү боюнча сунуш түшкөн. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Берик Уали билдирди. «Президентке Казакстанды БРИКСке киргизүү боюнча сунуштар түшкөн. Бул сунуштарды мамлекет башчысы кылдат карап чыгып, анын тапшырмасы боюнча тиешелүү мекемелер Казакстандын улуттук кызыкчылыктарынын негизинде анализдеп жатышат. Ошону менен бирге жакын арада Казакстан БРИКСке кирүү үчүн арыз […]

Сизге жагышы мүмкүн