Кыргызстандыктар дүйшөмбү күнү эс алышат

Автор

Кыргызстандыктар дүйшөмбү, 17-июнда эс алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйыл Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ай календары боюнча аныкталган Курман айт күнү расмий түрдө 16-июнь дем алыш (жекшемби) деп жарыяланган.
Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, дем алыш күнүнө жана жумуш эмес майрам күнүнө туш келип калганда дем алыш күн майрамдан кийинки жумуш күнүнө которулат.
Демек, дүйшөмбү, 17-июнь, беш күндүк жана алты күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын мамлекеттик бюджеттен каржыланган кызматкерлери үчүн дем алыш күн болуп саналат.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров чыгырыктар боюнча мыйзамга кол койду

Коомчулуктун нааразычылыгын туудуруп келген чыгырык (электросамокат) тепкендерди көзөмөлдөгөн мыйзам кабыл алынып, ага президент кол койду. Эми электр чыгырык жана башка мобилдүү каражат (электрскейтборд, гироскутер ж.б.) менен жол эрежесин бузгандарга 1000 сом айып салынат. Ал эми мас абалында айдагандар 3000 сом айып пул төлөшмөкчү. Чыгырык тебүүчүлөр атайын бөлүнгөн тилкени колдоно алышат. […]

Сизге жагышы мүмкүн