Кыргызстандыктарга Россияга барбай туруу сунушталды

Автор

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Россияга барбай турууну сунуштады.
“Россия аймагында киргизилген кошумча коопсуздук чаралары жана чет элдик жарандарды мамлекеттик чек арадан өткөрүү көзөмөлү күчөтүлгөн режимде улантылып жатат. Буга байланыштуу, Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын элчилиги Кыргызстандын жарандарына жүйөлүү себептери жок болсо, чаралар алынганга чейин анын аймагына баруудан убактылуу баш тартууну сунуштайт”,-деп айтылат мекеменин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Бөлүшүү:
Next Post

Кувейттик делегация Путинге шумкар конгон сүрөт тартуулады

Кувейттин делегациясы Чыгыш экономикалык форумунда (ВЭФ-2024) Росконгресс фондуна Владимир Путиндин ийининде шумкар конуп турган сүрөт тартуулады. Салмагы 23 килограммдык, сүрөт жарым жылда даярдалган. Аны Россияга жеткирүү үчүн бир нече авиа каттам керектелген. Кувейттин өкүлү Наваф Альмутаири “Бул сүрөттү тапшыруу биз үчүн чоң сыймык”,- деп билдирди. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн