Кыргызстанда 91 миң 600 адам жумушсуз

Автор

Кыргызстанда 91 миң 600 адам жумушсуз. Анын ичинен 64 миң 600ү жумушсуз катары расмий каттоодо турат. Мындай маалыматты Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова билдирди. Учурда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйыны жүрүп жатат. Белгилүү болгондой, Улуттук статистика комитетинин сурамжылоосунун негизинде жумушсуз деп саналган, бирок иш издеп каттоого турбагандарды кошкондо, жумушсуздардын жалпы саны 131 миң 600 адамды түзсө, анын 44,3 пайызы аялдар. Өлкөдөгү жалпы жумушсуздуктун деңгээли 5 пайыз деп аныкталган.

Бөлүшүү:
Next Post

Апрелде 32 миңден ашык жер титирөө болду

Апрель айында дүйнөдө 32 миңден ашык жер титирөө болгонун Reuters агенттиги билдирди. Эң күчтүү силкинүү 5,6 баллга жетип, Индонезияда катталган. Жыл сайын дүйнөдө орто эсеп менен 350 миңге жакын сейсмикалык окуялар болот. Анын үстүнө, алардын көбү бир магнитудадан турат. Ал эми интенсивдүүлүгү 7 балл жана андан жогору болгон күчтүү жер […]

Сизге жагышы мүмкүн