Кыргызстанда 9 айылдын аталышы өзгөрдү. Мыйзамга кол коюлду

Автор

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 5-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагынын Таштак айылын Малкалды, Ноокен районунун Э. Алиев айыл аймагынын Параканда айылын Баракелде, Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагынын Большевик айылын Баялы Исакеев, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айыл аймагынын Ынтымак айылын Шадыкан, Манас районунун Кыргызстан айыл аймагынын Новодонецк айылын Айтматов, Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Козучак айылын Жанкороз Олуя, Беш-Таш айыл аймагынын Балбал айылын Жаныбек Баатыр, Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл аймагынын Чоң-Арык айылын Сыйдалы, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагынын Теплоключенка айылын Ак-Суу айылы деп кайра атоо максатында кабыл алынган.

Бөлүшүү:
Next Post

Орбан ЕБге Россияга каршы санкцияларды алып салууга чакырды

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан X социалдык тармагындагы баракчасына Европа Биримдиги Россияга каршы киргизилген санкцияларды алып салышы керектигин жазды. Анын пикиринде, азыркы чектөөлөр ЕБге гана зыян келтирүүдө. «Санкциялар тууралуу сүйлөшчү убакыт келди! Алар согушту токтото алдыбы? Жок. Россиянын экономикасына зыян келтирдиби? Жок. Европа Россиянын ордуна башка жеткиликтүү энергия булактарын таба алдыбы? […]

You May Like