Кыргызстанда 7,8 миң бош жумуш орду бар

Автор

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү максатында иш берүүчүлөр арасында бош орундарга талдоо жүргүздү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 1-августка карата 7 миң 848 бош жумуш орду бар. Анын ичинен:
– мектепке чейинки жана мектептеги мугалимдер – 203;
– саламаттык сактоонун кызматкерлери (доктурлар, мед.айым, фармацевт, укалоочу жана санитарлар) – 587;
– адистер – 150;
– кассирлер – 186;
– соода агенттери – 115;
– Мменеджерлер – 46;
– бухгалтерлер – 39;
– юристтер – 32;
– экономисттер – 29;
– инженер-механиктер – 13;
– психологдор – 13;
– тигүүчүлөр – 2112;
– курулуш тармагындагы кызматкерлер (айдоочу, механик, ширетүүчү, столяр, токарь, слесарь, бетон куйгуч ж.б.) – 576;
– айдоочулар – 617;
– кызмат көрсөтүү тармагындагы кызматкерлер (парикмахер, тырмак жасоочу, официант, косметолог, кароолчу, мейман кызматчы, курьер, камкорчу, ашпозчу, кондитер, нан бышыруучу ж.б.) – 1034;
– ар тараптуу жумушчулар – 2096.
Иш менен камсыз кылуу тармагында кызматтарды алуу үчүн министрликтин аймактык башкармалыктарына кайрылуу керек. Бул жааттагы маалыматтарды zanyatost.kg сайтынан республика боюнча бош орундар жана даректери менен тааныша алат.

Бөлүшүү:
Next Post

12 жылдык билим берүүдө 5 баллдык баалоо системасы сакталат

12 жылдык билим берүүгө өтүүдө 5 баллдык баалоо системасы сакталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган “Алтын казык” мектеп билим берүү системасын трансформациялоо программасында 5 баллдык баалоо системасы бар. “Бул программада 10 баллдык система жок. Министрлик Кыргыз билим берүү академиясынын сайтында […]

Сизге жагышы мүмкүн