Кыргызстанда 762 бала бакча жетекчисинин ордуна сынак жарыяланды

Автор

Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыялайт. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы республика боюнча 762 бош орун бар.
Сынактын биринчи этабында талапкерлердин арыздары жана документтери катталат. Каттоо 29-августта саат 9:00дө башталып, 11-сентябрда саат 18:00дө аяктайт.
Каттоо аймактарга жараша, электрондук даректер боюнча кабыл алынат:
Сынактын экинчи этабын (квалификациялык тестирлөө) өткөрүү мөөнөтү, орду жана тартиби жөнүндө билдирүү Билим берүүнүн сапатын жана маалыматтык технологияларды баалоо боюнча улуттук борбордун https://ncokoit.kg/ сайтына жарыяланат

Бөлүшүү:
Next Post

Шабдалынын пайдалары

Шабдалы – даамдуу гана эмес, пайдалуу жемиш. Бул жерде анын кээ бир негизги артыкчылыктары болуп саналат: 1. Витаминдерге жана минералдарга бай: Шабдалыда А, С, Е жана К витаминдери, ошондой эле калий, магний жана фолий кислотасы бар. Витамин С иммундук системаны чыңдоого жардам берет, ал эми А витамини теринин дени сак […]

Сизге жагышы мүмкүн