Кыргызстанда 80ге жакын мамлекеттик дарыкана ачуу пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 50гө жакын мамлекеттик дарыкана ачылса, дагы 30 дарыкананы ачуу пландалууда.
Эскерте кетсек, мамлекеттик дарыканаларда маанилүү дарылардын тизмесине кирген 800дөн ашык дары-дармектердин түрү бар, аларды калк жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып алат.