Кыргызстанда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Автор

Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 28-февралда саат 19:15те орун алып, очогу Предтеченка айылынан 2 чакырым түштүктө, Кара-Балта шаарынан 22 чакырым түндүк чыгышта, Бишкек шаарынан 45 чакырым түндүк батышта жайгашкан.
Жердин силкинүүсүү Чүй облусунун Москва районунун Предтеченка, Сретенка, Кош-Дөбө жана Петровка айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин Федералдык жыйынга кайрылуу жасайт

Россиянын президенти Владимир Путин Федералдык Жыйынга жылдык кайрылуу жасайт. Башталышы Москва убактысы боюнча 12:00гө белгиленген. Кремль иш-чаранын жүрүшүндө кандай темалар болорун айтуудан баш тартты. Путин өзү үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча кошумча чараларды жарыялоону убада кылган. Россиянын президенти өлкөнүн Конституциясынын 84-беренесине ылайык, Федералдык Жыйынга жыл сайын билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн