Кыргызстанда 27,3 млн сомго жомок тартылат

Автор

Кыргызстанда “Жеңилбес жетөө” сериалын тартууга тендер жарыяланды. Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, тендерди Кинематография департаментинин алдындагы “Кыргызсериал” чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемеси жарыялады.
Сметалык баасы 27 млн 272 миң 727,96 сом. Анын ичине адабий, режиссердук сценарийди жазуу, уюштуруу жана сериалды чыгаруу кирет.
Конкурстук табыштамалар 19-мартка чейин кабыл алынат.
Техникалык негиздемесинде сериалдын жанры жомок деп көрсөтүлгөн. Сценарий узактыгы 40 мүнөт болгон 12 сериядан турушу керек.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте курула турган 45 миң орундуу футболдук стадиондун долбоору жарыяланды

Бишкекте курула турган 45 миң орундуу футболдук стадиондун долбоору жарыяланды. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармакта баракчасына жазды. “Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич Бишкек шаарына 45 миң орундуу стадиондун курулуш ишин тапшырган. Анын долбоорлоо (проектиси) жумушу белгилүү чет элдик компаниялар менен биргеликте жасалды. Архитектуралык дизайны улуттук наркыбызга ылайыкталып, […]

Сизге жагышы мүмкүн