Кыргызстанда 13 миңден ашуун киши кызамыкка чалдыкканы айтылды

Автор

Кыргызстанда 13 076 адам кызамык илдетине чалдыккан. Бул тууралуу Иммунопрофилактика боюнча республикалык борборунун 12-августагы маалыматында айтылат.
Ага ылайык, акыркы айларда илдетке чалдыккандардын саны азая баштаган.
Мекеме оорунун басаңдаганына кызамыкка каршы эмдөөнүн активдүү жүргүзүлгөнүн жүйө келтирет. Маалыматка караганда, Таласта балдардын 91%, Ысык-Көл облусунда 86%, Нарында 76%, Баткен облусунда 72% эмдөөдөн өткөн.
Ошентсе да, кызамык жуктургандардын басымдуу бөлүгү Бишкекте, Чүй жана Ош облустарында катталууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Жыл башынан бери 35,2 миң жаран пенсияга чыкты

Кыргызстанда 2024-жылдын январь-июль айларында 35 миң 248 жаран пенсияга чыкты. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдирди. Маалыматка ылайык, анын ичинде июль айында 1 миң 205 жаранга пенсия чектелди. Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 271 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн