Кыргызстанда 10 айдын ичинде 56 миң 866 жаранга пенсия чектелди

Автор

Кыргызстанда 2023-жылдын январь-октябрь айларында 56 миң 866 жаранга пенсия дайындалып чектелди. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде үстүбүздөгү жылдын октябрь айында 2 миң 393 жаранга пенсия чектелди.

“Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1041 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

2-ноябрга карата аба ырайы

Эртең, 2-ноябрда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облусунун кээ бир аймактарында жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн үшүк түшүп, +1…+6, күндүз +13…+18,   Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17,   Баткен, Ош, Жалал-Абад […]

Сизге жагышы мүмкүн