Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия жогорулады

Автор

Кыргызстанда 1-октябрдан тартып пенсиянын минималдуу өлчөмү 6 миң 900 сомду түздү. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Маалыматка ылайык, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18%га, эң минималдуу дегенде 1000 сомдон кем эмес суммага көбөйдү.
Ал эми 2024-жылы пенсиялар эки этап менен жогорулатылган. Октябрь айынан тарта өлкөдөгү эң аз пенсия 6900 сомго жеткирилди. 1-июлдан тартып пенсиялар пенсиянын толук базалык бөлүгүнө чейин, тагыраагы 3170 сомго жеткирилген. 2024-жылдын 1-октябрынан баштап пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18 %га жогорулап, эң минималдуу дегенде 1000 сомдон кем эмес суммага көбөйдү.
Жыйынтыгында, 2024-жылдын октябрь айынан тарта өлкөдө эң минималдуу пенсия 6 900 сом болду, жалпысынан 3 жыл аралыгында пенсияны жогорулатууга кошумча 60 млрд сом сарпталды.
Соцфонддон белгилешкендей, болжолдуу маалыматтарга караганда Пенсиялык фонддун 2024-жылга карата чыгымы 99,3 млрд сомду түзүүдө, бул сумма 2020-жылга салыштырмалуу 47 млрд сомго көп.

Бөлүшүү:
Next Post

Сигэру Исиба Япониянын жаңы премьер-министри болуп шайланды

Япониянын төмөнкү парламенти башкаруучу Либералдык-демократиялык партиянын (ЛДП) башчысы Сигэру Исибаны өлкөнүн жаңы премьер-министри кылып шайлады. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 67 жаштагы Исиба 465 добуштун ичинен 291 добушка ээ болду. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн