Кыргызстанда өсүмдүктүн 5 түрүн жыйноого тыюу салынды. Тизме

Автор

Кыргызстанда өсүмдүктүн 5 түрүн жыйнагандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстар башкармалыгынын башчысы Кумар Мамбеталиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, министрлер кабинетинин 28-майдагы токтому менен “Өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүн пайдаланууга убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” токтому чыккан. Үч жылдык мөөнөткө чейин киргизилген тыюу салууга ылайык, эми өсүмдүктүн төмөнкү 5 түрүн жыйноого жана даярдоого болбойт:

макротомия (Macrotomia DS),
арнебия (Arnebia Forssk),
ясенец (Dictamnus L),
аконит (Aconitum L),
афлатун пиязы (Allium aflatunense B.Fedtsch).
«Мораторий өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүн сактап калуу максатында киргизилген. Жарандар бул өсүмдүктөрдү чогултуп, сатууга аракет кылып жатышат. Өсүмдүктөрдүн бул түрлөрү көбүнчө Кытайга ар кандай багытта колдонуу үчүн экспорттолот деген маалымат бар. Жапайы өсүмдүктөр жыйналып алынганы аныкталса, айып пул салынат. Мен жарандарды мыйзамды сактап, аларды чогултпоого чакырат элем», — деди ал.

Ошондой эле Мамбеталиев белгилегендей, эгерде жарандар мындай мыйзамсыз аракеттерге күбө болсо 0312 540521 ишеним телефонуна кабарласа болот. Бул үчүн мамлекет кармалган товардын наркынын 50%ын сый акы катары берет.

Эскерте кетсек, учурда Кыргызстанда дары чөптөрдүн 2900дөн ашык түрү өсөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Захарова балдар ооруканасына соккуну кезектеги кутум деп атады

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Киевдеги балдар ооруканасына жасалган соккуну Украинанын кезектеги кутуму деп атады. Бул провокация Бучадагы окуяга окшош экенин жана Батыштын тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жоктугун түшүндүрүү үчүн жасалып жатканын билдирди. Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги, Украинанын аймагындагы жарандык объекттерге багытталган орус соккулары жөнүндө айтылган билдирүүлөр чындыкка […]

Сизге жагышы мүмкүн