Кыргызстанда бир эле учурда үч ири жана дээрлик 20га жакын чакан ГЭСтин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.
Курулуп жаткан жана курулушу пландалган ГЭСтердин тизмеси:
Курулуп жаткан ири ГЭСтер:
– Камбар-Ата-1 ГЭС – 1860 МВт
– Жогорку Нарын каскад ГЭС – 237 МВт
– Куланак ГЭС – 100 МВт
Курулуп жаткан чакан ГЭСтер:
- Бала-Саруу ЧГЭСи – Талас облусу, Манас району – 25 МВт
- Лейлек ЧГЭСи – Баткен облусу, Лейлек району – 6 МВт
- Көгарт ЧГЭСи – Жалал-Абад облусу, Сузак району – 6,7 МВт
- Тосту ЧГЭСи – Жалал-Абад облусу, Аксы району –1 МВт
- Ала-Баш ЧГЭСи – Ысык-Көл облусу, Тон району – 4,5 МВт
- Ысык-Ата ЧГЭСи – Чүй облусу, Ысык-Ата району – 4 МВт
- Кайнама ЧГЭСи – Жалал-Абад облусу, Токтогул району – 9,6 МВт
- Буйга -1 ЧГЭСи – Ош облусу, Кара-Кулжа району – 6 МВт
- Кожо-Кайыр ЧГЭСи – Баткен облусу – 0,3 МВт
- Айгыр жал ЧГЭСи – Жалал-Абад облусу, Сузак району – 2,4 МВт
- Кыштут ЧГЭСи – Баткен облусу, Баткен району – 1 МВт
- Исфайрам –1 ЧГЭСи – Баткен облусу – 4 МВТ
- Белес ЧГЭСи – Баткен облусу, Лейлек району – 0,54 МВт
- Аксы ГЭСи – Жалал-Абад облусу – 2,6МВт
- Курак-Тектир – Ош облусу, Ноокат району – 1,2 МВт
- Ленинполь – Талас облусу, Бакай-Ата району – 2,3 МВт
- “СиЭйЭй” ЖЧК – Чүй облусу, Кемин району – 2МВт
2024-жылы ишке кире турган ГЭСтер (долбоор)
- Ак-Терек ЧГЭСи – Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району – 4 МВт
- Саркент ЧГЭСи – Баткен облусу, Лейлек району – 2 МВт
- Турген ЧГЭСи – Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району – 5 МВт
- Шамси ЧГЭСи – Чүй облусу, Чуй району – 10 МВт
- Боз-Учук ЧГЭСи – Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району – 0,7 МВт
- Жергез ЧГЭСи – Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району – 6,2 МВт
- Кара-Жыгач – Жалал-Абад облусу, Токтогул району – 1 МВт
- Сары-Таш – Жалал-Абад облусу, Токтогул району – 1 МВт
- Аманат – Чүй облусу, Ысык-Ата району – 0,5 МВт
- Адын-Үңкүр – Ош облусу, Кара-Суу району – 0,85 МВт
- “СиЭйЭй” ЖЧК – Чүй облусу, Кемин району – 12 МВт
Реконструкция болуп жаткан ГЭСтер:
1-Үч-коргон ГЭС – 36 МВт (эмдиги жылы ишке кирет)
2-Токтогул ГЭС- 240 МВт (60 МВт кирди, быйыл дагы 60 МВт кирет)
3-Лебединовка ГЭС – 9,2 МВт
4-Ат-Башы ГЭС – 5,5 МВт (реконструкция бүттү)
– “Бишкек Солар” ЖЧК компаниясы тарабынан Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында пландалган кубаттуулугу 300 МВт СЭСТИ куруу долбоорун ишке ашыруу, ошондой эле “Ысык-Көл” көмөк чордонуна чейин 220 кВ электр берүү линиясын куруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
– “Метрум ТЭК” ЖЧКсы Ысык-Көл облусунда, Тоң районунда пландалган кубаттуулугу 10МВт болгон ШЭС куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча ишти баштады.
Пландалып жаткан долбоорлор:
1-Мындан тышкары, «Чакан ГЭС» ААК Кытай «CHMC» компаниясы менен биргеликте Орто-Токой суу сактагычында 21 МВТ кубаттуулугундагы чакан ГЭСти курууну мерчемдөөдө
2-Папан суу сактагычында 25 МВт
3-Кара-Көл ГЭС 18 МВт ( ишке кируу убактысы болжолдуу 2025-жыл)
– Чүй облусундагы “ЛВФ-Компани” ЖЧКсы Токмок шаарында пландалган кубаттуулугу 120мвт болгон СЭСТИ куруу пландалууда.
– “China Huaneng” компаниясы Ысык-Көл облусунун Тоң районунда пландалган кубаттуулугу 500 МВт болгон Сэт курууну пландаштырууда.
– “Таза Энерджи” ЖЧК компаниясы тарабынан Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында пландалган кубаттуулугу 50 МВт болгон СЭСТИ куруу пландалууда.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн 7 млн. 28 млн. доллар өлчөмүндөгү зайымдык каражаттарды 12 жылдык мөөнөткө Евразия Өнүктүрүү Банкы берүүнү пландаштырууда. Азыркы учурда жер участогун берүү маселеси иштелип жатат.