Кыргызстанда үй тибинде 140тай бала бакча ачылды

Автор

Кыргызстанда “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында жалпы 138 үй тибиндеги бала бакчалар ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекте, айрыкча бала бакчалар жана аларды куруу үчүн жер тилкелери жетишсиз жаңы конуштарда үй тибиндеги 43 бала бакча мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө.
Ошондой эле Ош шаарында жана Ош облусунда – 18, Баткен облусунда – 12, Нарын облусунда – 8, Талас облусунда – 8, Чүй облусунда – 24, Ысык-Көлдө – 12 жана Жалал-Абад облусунда – 13 үй тибиндеги бала бакча иштей баштады.

Бөлүшүү:
Next Post

Кытайдын түзүмү Айдын ары жагына конду

Май айында учурулган Кытайдын космостук аппараты Айдын ары жагына ийгиликтүү конду. Ал жерде эки күн болот. Зонд Айдын бетинен эки килограмм таш чогултуп, аны Жерге жеткирет. Окумуштуулар бул топуракты талдоо планеталар кантип пайда болот деген негизги суроолорго жооп берүүгө жардам берет деп ишенишет. Бул Кытайдын Айдын ары жагындагы экинчи миссиясы. […]

Сизге жагышы мүмкүн