Кыргызстанда эң көп айлыкты кимдер алгандыгы айтылды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанда тоо-кен тармагы, маалымат жана байланыш тармагында иштегендер эң көп айлык алат, алардын орточо айлык акысы 60 миң сомдон жогору
Андан кийин каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүндөгү, ошондой эле өндүрүш тармагындагы кызматкерлер көп айлык алат. Алардын орточо эмгек акысы 58,5 миң сомдон жогору жана 53,5 миң сомду түзөт.
5-орунда транспорт ишмердүүлүгү жана жүктөрдү сактоо тармагынын кызматкерлери — 46,9 миң сом.