Кыргызстанда эң ири текстиль фабрикасы ачылат

Автор

Кыргызстан менен Түркия миңдеген жаңы жумуш орундарын камсыз кылып, экспорттук потенциалды бекемдей турган өлкөдөгү эң ири текстиль фабрикасын ачууга камданып жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин башчысы түркиялык Zilan Eversun Textile LLC компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Тараптар инвестициялык кызматташуу келишимине кол коюуга даяр экендиктерин ырасташты жана министрлер кабинети фабриканын тез арада ачылышына ар тараптуу колдоо көрсөтүүдө.
Эске салсак, фабрика Чүй облусунун Кара-Балта шаарында курулуп, ушул жылдын июль айында пайдаланууга берилет. Анын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 80 тонна кездеме чыгарат, бул Кыргызстандагы эң ири текстиль фабрикасы болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте жарнама такталарын демонтаждоо иштери башталды

Бишкекте жарнама такталарын демонтаждоо иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди. Маалыматка ылайык, демонтаждоо иштерин мэриянын жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы “Тазалык” ишканасы менен биргеликте жүргүзүүдө. Эски металл конструкциялардын ордуна заманбап LED-экрандар орнотулат. Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Бишкек мэриясына шаардагы эски жарнамалык такталарды 31-августка чейин LED-экрандарга алмаштырууну тапшырган. […]

Сизге жагышы мүмкүн