Кыргызстанда эң жогорку маяналуу жумуштар кайсылар?

Автор

Кыргызстанда тоо-кен жана маалымат-коммуникация тармагында иштегендер эң көп айлык алышат. Алардын орточо айлык акысы 63 миң сомдон ашат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, андан кийин каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагында иштегендер 62 миң 935 сом, өндүрүш тармагында 52 миң 500 сом алат.
5-орунда мамлекеттик башкаруу жана коргонуу кызматкерлери, алардын орточо эмгек акысы 47 миң 837 сомду түзөт.
2024-жылдын январь-июнь айларында ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин орточо айлык номиналдык чегерилген эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 35 миң 298 сомду түздү.
Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий алмашуу курсунун негизинде 2024-жылдын январь-июнь айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 397,6 долларды түздү.

Бөлүшүү:
Next Post

Лукашенко Кытайды технологияларын кеңири киргизүүгө чакырды

Мамлекет башчысы Александр Лукашенко Кытай тарапка Кытай технологияларынын Беларуссияга кеңири кирүүсүн камсыз кылууну эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн негизги милдети кылып аныктоону сунуштады. Бул тууралуу ал 22-августта Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьер-министри Ли Цян менен жолугушуу учурунда айтты. “Сиздер өздүк глобалдык навигация системасын түздүңүздөр. Дүйнөдөгү эң чоң телескопту курдуңуздар. Кытай орбиталык […]

Сизге жагышы мүмкүн