Кыргызстанда эртең менен эки ирет жердин силкинүүсү сезилд

Автор

Кыргызстанда эртең менен эки ирет жердин силкинүүсү сезилди.Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдирди.
Маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында бүгүн саат 06:49да очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Алай тоо кыркаларында – Бор-Дөбө айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышта, Сары-Таш айылынан 38 чакырым түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 135 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Ошондой эле саат 07:28де кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында – Бедел айылынан 38 чакырым түштүк-чыгышта, Кумтөр кенинен 85 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 145 чакырым түштүктө жайгашкан.
Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Бедел айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Төрага Нурлан Шакиевдин сунушу унутта калды

Өткөн жылы экинчи Элдик Курултайда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев Бишкек шаарынын орусча аталышындагы 4 кичирайонун кыргызчалаштыруу боюнча маселе көтөргөн. Бирок, эртеси эле Думанын белгисиз депутаты Светлана Журова Кыргызстанды Украинанын жолуна түшпөөгө чакырып, мындай жол орус улутундагы жарандардын укугун тепсейт деп билдирген. Мына ошондон бери кыргызчалаштыруу процесси токтоп турса да, […]

Сизге жагышы мүмкүн