Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салынды

Автор

Эми Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого болбойт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

 

“Энергетикалык суусундуктар стимуляторлорду камтыган суу, кант, кофеин, минералдар, витаминдер жана гуарана, таурин, женьшень сыяктуу окшош курамдан турган суусундуктун түрү. Ден соолукка коркунучу, негизинен, курамында кант жана кофеиндин көптүгүнө байланыштуу”, – деп айтылат маалыматта.

 

Энергетикалык суусундуктардын айрым түрлөрүнүн бир порциясында  100 мг кофеин камтылган, бул кадимки порциядан (12 мг) 8 эсе көп. Мындай суусундукту ичүүдө кандын кантынын жана артериалдык басымдын жогорулашына алып келет, өзгөчө жашы жете элек өспүрүмдөргө кооптуу. Мисалы, мындай суусундуктун бир банкасында 27 кашык кант камтылган. Бул суусундуктарды ичүүнү адатка айлантса, жүрөктүн функциясы бузулат. Жүрөктүн согуу ыргагына терс таасир берет. Убакыттын өтүшү менен жүрөк чоңоюп кетиши мүмкүн.

Бөлүшүү:
Next Post

Эртең күн 41 градуска чейин ысыйт

Эртең, 12-июлда күн катуу ысыйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө абанын температурасы 36…41°ка чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 34…39°ка чейин жогорулашы мүмкүн.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +36…+41,   Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +34…+39,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +36…+41,   Ысык-Көлдө […]

Сизге жагышы мүмкүн