Кыргызстанда эл аралык жаңы авиакаттамдар ачылышы мүмкүн

Автор

Кыргызстанда эл аралык жаңы авиакаттамдар ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу «Манас эл аралык аэропорту» ААК аткаруучу директору Мирлан Кубаталиев эл аралык Qatar Airways авиакомпаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда белгилүү болду.
«Манас» эл аралык аэропортунан билдиришкендей, жолугушууда эл аралык жаңы авиакаттамдар боюнча тыгыз кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Иш-чарага Qatar Airways авиакомпаниясынын аэропорттор тармагын тейлөө боюнча менеджери Нирадж Мутусвами жана аэропортторду тейлөө боюнча аймактык менеджери Иссам Ханафер катышты.
«Дүйнөдөгү эң ири эл аралык авиакомпаниялардын бири «Qatar Airways» биздин эл аралык «Манас» аэропорту менен кызматташууга кызыкдар экени бизди абдан кызыктырат жана кубандырат. Биз аталган авиакомпаниянын тездик менен өсүп жатканын билебиз жана дүйнөдөгү эң жаш авиакомапниялардын бири экенин, эң тез өнүгүп жаткан компаниялардын бири экени тууралуу кабардарбыз. Ошондуктан биздин «МЭА» ААК бардык тармактарда, анын ичинде жүк ташуу боюнча кызматташуу боюнча иштешүүгө кызыктарбыз», — деп билдирди Мирлан Кубаталиев.
Ошондой эле эки тараптуу жолугушууда Кыргызстандагы аймактык аэропортторунун долбоорлору жана аларды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.
Эскерте кетсек, Qatar Airways авиакомпаниясынын – башкы кеңсеси өлкөнүн борбору Доха шаарында жайгашкан Катар мамлекетинин улуттук авиакомпаниясы.

Авиакомпания 150дөн ашык каттамдар боюнча (анын ичинде анын туунду авиакомпаниясынын (Qatar Airways Cargo) багыттары) учууларды аткарат, анын ичинен 100дөн ашыгы эл аралык багыттар:

Европага 38 каттам;
Жакынкы Чыгышка жана Африкага 51 каттам;
Түштүк Азияга, Индияга жана Индия океанына 24 каттам;
Азия-Тынч океан жана Австралияга 28 каттам;
Түндүк Америкага 11 каттам;
Түштүк Америкага 2 каттам.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчыбек Ташиев Футбол союзунун президенттигине талапкер болду

Кыргыз футбол союзунун президенттигине Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү. Аталган уюмдун маалыматына караганда, шайлоо комитетинин жыйыны болуп, Кыргыз футбол союзунун президенти, биринчи вице-президенти, вице-президенти жана Аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө талапкерлердин баштапкы тизмеси каралып, бекитилди. Президенттикке Камчыбек Ташиев жалгыз талапкер болду. Аны «Талант» футбол клубу сунуштады. Кыргызстандын […]

Сизге жагышы мүмкүн