Кыргызстанда эки орундуу тик учактар чыгарыла баштады

Автор

Кыргызстанда чыгарылган тик учактар сыноодон өтүп, көргөзмөгө чыгарылды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, тик учактар эки орундуу, 70 литр күйүүчү май менен 600 чакырым аралыкты 3 саатта учуп өтөт.
“Баасы 60 миң доллардан жогору экен. Кыска аралыкта мамлекетибизде унаа, тик учактарды чыгарган жана башка завод-фабрикалар ачылууда”, – деп жазды ал.

Бөлүшүү:
Next Post

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Көкпар оюнунда кыргыз курамасы Казакстанга жеңилди

Астанада өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз-казак курамаларынын көкпар боюнча финалдык оюнда казак курамасы жеңишке жетти. Кошумча убакта эсеп 5:4, казактар жекеме-жеке учурунда улак таштоого жетишти. Ошентип, Кыргызстандын командасы күмүш медалга ээ болду. Белгилей кетсек, биринчи таймда кыргызстандыктардын дарбазасынан кийинки жаңжалдан улам беттеш 30 мүнөттөн ашык токтоп калган. Коло байгени […]

Сизге жагышы мүмкүн