Кыргызстанда чокулардын бирине БУУнун аты ыйгарылды

Автор

Кыргызстанда Бириккен улуттар уюму атындагы чоку пайда болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаровдун БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуусунда белгилүү болду.
Президенттин айтымында, Кыргызстанда 159 чоку жана 9959 мөңгү бар. Акыркы 50 жылдын ичинде мөңгүлөрдүн саны 1262 чарчы километрге азайган.
“БУУга урмат катары, мөңгүлөрдүн көйгөйлөрүнө чоң көңүл бургандыгы үчүн, ошондой эле бүткүл дүйнөдө тынчтыкты сактоого жана коопсуздукту камсыз кылууга багытталган бардык аракеттери үчүн биз чокулардын бирин БУУнун атынан атагыбыз келет. Мен жарлыкка кол койдум”, – деди Садыр Жапаров.
Аталган чоку Чолпон-Атадагы Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн жанындагы Сары-Жаз тоосунда жайгашкан. Анын бийиктиги 5576 метрди түзөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Жаш ыктыярчылар Бишкектеги балдар борборуна белек таратышты

Өзгөчө балдарды коомго аралаштырууга көмөк берүүчү иш-чаралардын бири Бишкек шаарындагы «Келечек» реаблитациялык балдар борборунда болуп өттү. Бул тууралуу Кыргыз-Россия Славян университетинен маалымдашты. Маалыматка ылайык, аталган борбордун тарбиялануучуларына Россиядан келген долбоордун ыктыярчылары белек тартуулашып, КРСУнун студенттери концерт жана театрлаштырган оюн-зоок көрсөтүштү. КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин майыптыгы бар балдардын […]

Сизге жагышы мүмкүн