Кыргызстанда унаа терезелерин караңгылатуу арзандады

Автор

Кыргызстанда унаалардын каптал терезелерин караңгылатуунун акысы төмөндөдү. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-сентябрдан тарта транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөөнүн жана уруксатты каттоонун жаңы тартиби күчүнө кирет.
Эми тонировкага уруксат алуу үчүн агенттиктин бөлүмдөрүнө барбастан, каалаган ыңгайлуу убакта онлайн кайрылууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. “Түндүк” тиркемеси аркылуу санариптик документтерди: паспорт жана транспорт каражатынын каттоо күбөлүгүн көрсөтсө болот.
Ошондой эле транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат үчүн жыйымдын өлчөмү да өзгөртүлдү:
– Кыргызстандын жарандары үчүн: 50 000 сом;
– Юридикалык жактар үчүн: 70 000 сом;
– Чет өлкөлүк жарандар үчүн: 90 000 сом.
Агенттик уруксат берүүгө кайрылууларды онлайн түрдө кабыл алуу системасын “Инфоком” мамлекеттик ишканасы иштеп чыкканын, учурда сервисти мобилдик тиркемелерге интеграциялоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Каптал айнектерди караңгылатууга уруксат 1 жылдык мөөнөткө М1 категориясындагы жеңил унааларга гана (таксилерден тышкары) берилет. Уруксаттын бар-жоктугун “Carcheck” кызматы аркылуу автоматтык түрдө текшерүүгө болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 23-августтан 25-августка чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. “Бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөбүз”, – деп […]

Сизге жагышы мүмкүн