Кыргызстанда тогуз айда керектөө баалары 3,4 пайызга өстү

Автор

Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү өлкө боюнча 3,4 пайызды түздү. Бул тууралуу брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.
Анын айтымында, мында алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баалар 9,2 пайызга, азык — түлүк эмес товарларга — 2,9 пайызга, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга — 1,4 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер — 7,0 пайызга жогорулады.
«Керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) Жалал-Абад облусун кошпогондо, республиканын бардык региондорунда байкалды (0,1 пайызга төмөндөө). Мында баалардын максималдуу өсүшү (4,5 пайыз) Ысык-Көл облусунда катталды», — деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

WSJ: Иран АКШнын Жакынкы Чыгыштагы союздаштарына эскертти

Иран бийлиги жашыруун дипломатиялык каналдар аркылуу алардын аймагы же аба мейкиндиги Иранга чабуул жасоо үчүн колдонулса, АКШнын Жакынкы Чыгыштагы союздаштарына сокку урарын эскертти. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасына жарыяланды. Маалыматка ылайык, Тегеран Иордания, БАЭ, Сауд Арабиясы жана Катарга эскертүү жиберген. Бул өлкөлөр Вашингтонго Иранга каршы чабуулдар үчүн өздөрүнүн […]

Сизге жагышы мүмкүн