Кыргызстанда тез төлөм системасы пайда болот. Аны уюштуруунун жана ишинин схемасы 2023-жылдын 24-майында жөнгө салуучу тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү концепциясында камтылган. Документке ылайык, Кыргызстанда тез төлөм системасы келерки жылдын күзүндө ишке киргизилет.
Ыкчам төлөм системасынын жардамы менен кыргызстандыктар акча каражаттарын жөнөтүүчүнүн же алуучунун эсептери кайсы коммерциялык банкта ачылганына карабастан, бирдиктүү идентификатордун жардамы менен банк эсептеринен акча которо алат.