Кыргызстанда «Талибан» кыймылы тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарылды

Автор

Кыргызстанда «Талибан» кыймылы тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги расмий билдирди.
«Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн компетенттүү мамлекеттик органдары кылдаттык менен карап чыгып, ар тараптуу баа бергенден кийин “Талибан” кыймылын Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгаруу чечими кабыл алынганын тастыктайт.
Бул чечим аймактык туруктуулукту бекемдөөгө жана диалогду улантууга багытталган. Кыргыз Республикасы Афганистанда жана бүтүндөй аймакта туруктуу жана тынчтык чөйрөнү камсыз кылууга багытталган эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин колдоого умтулат», — деп айтылат расмий билдирүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Блинкен Украинанын жаңы тышкы иштер министри менен сүйлөштү

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен социалдык X тармагы аркылуу Украинанын жаңы тышкы иштер министри Андрей Сибиго менен сүйлөшкөнүн билдирди. “Украина менен жаңы тышкы иштер министри Андрей Сибиго менен сүйлөштүм. Ал узак мөөнөттүү өнөктөш жана биз аны менен кызматташып, жемиштүү иш алып барабыз деп ишенем. Келерки жумаларда аны менен жеке жолугууну […]

Сизге жагышы мүмкүн