Кыргызстанда сүт өндүрүү 2,2%га өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 1-сентябрына карата республикада 1207,6 миң тонна сүт өндүрүлгөн.
“Бул өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 26,4 миң тоннага же 2,2 пайызга сүт көбүрөөк өндүрүлгөнүн көрсөтөт”, – деп айтылат маалыматта.