Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоонун эпидемиялык сезонунун келиши менен республика боюнча оорунун өсүшү байкалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, акыркы жумада республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 9 миң 295 учуру (и.к. 131,0) катталды, бул мурунку жумага салыштырмалуу 8,1% аз.
“Ооругандардын ичинен 67,1% (6 миң 243 учур) 14-жашка чейинки балдар түзөт. Октябрь айынан тарта 1492 оорулуудан анализ алынды, лабораториялык изилдөөнун жыйынтыгы боюнча эпидсезон сасык тумоонун А/Н3N2 түрү менен негизделет. Мындан сырткары, курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы да байкалууда, алардын ичинен көбүрөөк риновирус 33,4%, респиратордук-синцитиалдык вирус 26,9%, парагрипп 18,7% жана башка вирустар 21% түзөт”, – деп айтылат маалыматта.
Оорунун жогору көрсөткүчтөрү Бишкек, Ош шаарларында жана Чуй облусунда катталды, и.к. 292,1; 189,3 жана 224,2 түздү. Мониторинг боюнча жумасына 2 ден 6 учурга чейин COVID-19 учурлары катталууда. Акыркы жумада республика боюнча COVID-19 оорусунун 5 учуру Бишкек шаарында катталды.