Жыл башынан бери Кыргызстанда расмий жумушсуздардын саны 6 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли Бишкек жана Чүй облусунда, эң жогоркусу Баткен жана Жалал-Абад облустарында катталды.