Кыргызстанда орточо айлык 35 миң 298 сомду түздү

Автор

Кыргызстанда 2024-жылдын январь-июль айларында орточо айлык номиналдык эмгек акы 35 миң 298 сомду (410 доллар) түздү. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Малыматка ылайык, бул мезгилдеги өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары экономикалык өсүш тенденциясы уланып жатканын көрсөтүп турат.
Чакан ишканаларды эсепке албаганда орточо айлык номиналдык эмгек акы 35 миң 298 сомду түзүп, жыл ичинде 10,6 пайызга өстү. Керектөө бааларынын индексин эске алганда реалдуу эмгек акынын көлөмү 5,2 пайызга өскөн
Өсүү катталган тармактар:
тейлөө тармагы — 41,5 пайыз;
дүң жана чекене соода, автоунаа жана мотоциклдерди оңдоо — 30,7;
курулуш — 27,2;
суу менен камсыздоо, тазалоо, таштандыны кайра иштетүү — 27;
кен казуу — 24,1;
кыймылсыз мүлк операциялары — 22,6;
кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк — 21,4;
транспорт иши жана товарларды сактоо — 16,4;
жер-жерлерде финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу — 16,1.

Бөлүшүү:
Next Post

Кара-Суунун акими алмашты

Кара-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Темирболот Абыкеевдин ордуна Канат Табалдиев келди. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Табалдиев Канат Касенович Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды. Ошондой эле президент Садыр Жапаров кол койгон башка тескемеге ылайык Ош […]

Сизге жагышы мүмкүн