2023-жылдын январь айында орточо айлык эмгек акы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 29 912 сомду түздү. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 41.4%га өстү, ал эми анын реалдуу көлөмү керектөө бааларынын индексин эске алганда 22.6%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетти билдирди.
Мекеменин алдын ала маалыматы боюнча, Инфляциянын деңгээлин мүнөздөгөн керектөө бааларынын индекси 3%ды түздү.
Инфляциянын орточо жылдык деңгээли (2023-жылдын январь-февраль айлары 2022-жылдын январь-февралына карата) 15.8%ды түздү.