Быйыл жыл башынан бери өлкөдө орточо айлык маяна 32 миң 146 сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, керектөө баасынын индексин эске алганда номиналдуу орточо маяна былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27%га өстү.
Эмгек маянанын өсүшү экономикалык ишмердиктин бардык тармагында байкалган.