Кыргызстанда орточо айлык дээрлик 33 миң сомду түздү

Автор

Кыргызстанда 2023-жылдын январь-август айларында орточо айлык 32 миң 708 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди.

Анын айтымында, бул 2022-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 25,7%га өскөнүнөн кабар берет.

Ал белгилегендей, эң олуттуу өсүш мамлекеттик башкаруу, коргонуу, милдеттүү социалдык камсыздоо, административдик жана көмөкчү ишмердик, суу менен камсыздоо, таштандыларды тазалоо, кайра иштетүү, кыймылсыз мүлк, искусство, дүң жана чекене соода, автоунааларды оңдоо, транспорт, ошондой эле маалымат жана байланыш тармагында байкалган.

Бөлүшүү:
Next Post

КМШ мамлекеттеринин ТИМ башчыларынын кеңешинин отуруму башталды

Бишкек шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында КМШга катышуучу мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин отуруму башталды. Жыйында  КМШга катышуучу мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери 13-октябрда Бишкек шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өтүүчү КМШ Мамлекет башчылар кеңешинин отурумуна даярдык көрүү маселелерин талкуулашат. Ошондой эле КМШга катышуучу […]

Сизге жагышы мүмкүн