Кыргызстанда орточо айлык акы 34 миң 391 сомду түздү

Автор

Кыргызстанда 2024-жылдын январь-апрель айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 34 миң 391 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов брифингде билдирди.
Анын айтымында, өткөн 2023-жылга салыштырмалуу өсүш 11,7%ды түздү.
«Айлык акынын өсүшү дүң жана чекене соода, кыймылсыз мүлк операциялар тармагында, унаа жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш, суу менен камсыздоо жана тазалоо, пайдалуу кең байлыктарды казуу, андан тышкары транспорт жана жүктөрдү сактоо чөйрөсүндө байкалган»,-деп билдирди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Оңосо, Элдар Абакиров оңойт

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакировду коомчулук билим берүү министрлигине сунуштап жатабы? Белгилүү болгондой, анын билим берүү тармагын өнүктүрүү багыты боюнча берген сунуш, пикирлери кыргыз коомчулугунда ар кандай талкууга жем таштады. Анын билимдүүлүгү жана мамлекеттик кызматтагы тажрыйбасы тармакты алдыга жылдырат деген көз караштар басымдуулук кылат. Өткөн жумада “Кактус медиа” басылмасы дээрлик […]

Сизге жагышы мүмкүн