Кыргызстанда 2024-жылдын январь-февраль айларында орточо айлык 33 миң 512 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетти билдирди.
Маалыматка ылайык, бул 2024-жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу 11,6%га өскөнүнөн кабар берет. Эң олуттуу өсүш дүң жана чекене соода, кыймылсыз мүлк менен операциялар, авто жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш, суу менен камсыздоо жана тазалоо, тоо-кен казып алуу, ошондой эле транспорт жана жүктөрдү сактоо тармагында байкалган.