Кыргызстанда орточо айлык акы канча экени айтылды

Автор

Чакан ишканаларды эсепке албаганда, 2024-жылдын январь-июль айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 35 миң 621 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.
Анын айтымында, көрсөткүч 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11,1%га өскөн.
Ал белгилегендей, эмгек акынын эң көп өсүшү дүң жана чекене соода, кыймылсыз мүлк менен операцияларды жүргүзүү, унаа жана мотоциклдерди оңдоо, курулуш, суу менен камсыздоо жана тазалоо, тоо-кен казуу, кесиптик жана илимий ишмердүүлүк, финансылык ишмердүүлүк жана камсыздандыруу чөйрөсүндө, ошондой эле транспортто жана жүктөрдү сактоо тармагында байкалган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда аскерге күзгү чакыруу башталды

Кыргызстанда аскерге күзгү чакыруу башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аскердик кызматка чакырылуудан мөөнөтүн узартууга укугу жок, 18 жаштан 25 жашка чейинки аскерге чакырылган курактагы кыргызстандыктар чакыруу комиссиясынан өтүү үчүн жашаган жери боюнча аскер комиссариаттарына келүүгө милдеттүү. Бүгүн, 10-сентябрда Республикалык жыйын пунктунда чакыруучуларды анык аскердик кызматын өтөөчү жерлерге […]

Сизге жагышы мүмкүн