Кыргызстанда октябрдан тарта пенсия көбөйөт

Автор

Кыргызстанда  пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмү жогорулайт. Президент Садыр Жапаров «2023-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.

Тактап айтканда, 30 миң сомго чейин пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38%, бирок 500 сомдон кем эмес өлчөмүндө көбөйөт. Мындай пенсиялардын орточо өлчөмү жогорулагандан кийин 9354 сомду түзөт, бул пенсиянын азыркы өлчөмүнөн орточо 1692 сомго көп.

Жогорулатуунун так суммасы ар бир жарандын пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүнө жараша болот. Бул жогорулатуу инфляциянын деңгээлинен эки эсе жогору.

Эгер пенсияны жогорулатууга Социалдык фонддун каражаттарынан ушул жылдын 3 айына 3,9 млрд сом каралса, 2024-жылы бул сумма кошумча 16,2 млрд сомду түзөт. Ошону менен бирге, пенсия республикалык бюджеттин катышуусуз толугу менен Социалдык фонддун каражаттарынын эсебинен жогорулатылат.

Бөлүшүү:
Next Post

Суук тийүүдөн тез айыгууга жардам берген эки азык аталды

Суук тийген организм алсыз болот.  Туура тандалган диета анын айыгуусуна жардам берет. Ооруп жаткан адамга организмди инфекция менен күрөшүү үчүн энергия менен камсыз кылган протеин, ошондой эле сезгенүүгө каршы заттар, атап айтканда флавоноиддер керек. Андыктан белоктун булагы болгон жумуртканы жеп туруу суук тийүүдөн айыгууга жардам берет.  Ал эми балды сезгенүүгө […]

Сизге жагышы мүмкүн