Кыргызстанда насыя берүүнүн көлөмү 40%га өстү

Автор

Жылдын январь-февраль айларында Кыргызстандын банктары тарабынан берилген жаңы кредиттердин көлөмү 40%га өстү. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) басма сөз кызматы билдирди.
Кредиттөө көлөмүнүн өсүшү соода тармагына жана керектөөчүлүк максаттарга берилген насыялардын көлөмүнүн өсүшү менен түшүндүрүлөт. Ошондой эле айыл чарбасын, өнөр жайды жана курулушту кредиттөөнүн кеңейиши белгиленди.
“Ошол эле учурда транспорт сектору, ошондой эле даярдоо жана кайра иштетүү тармагы 2024-жылдын январь-февраль айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу азыраак көлөмдө кредиттерди тартты”, — деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Күйүүчү-майлоочу майдын баасы кымбаттады

Кыргызстанда апрель айынын башына карата күйүүчү-майлоо майдын орточо баасы бир аз көтөрүлдү. Бул тууралуу КР Улуттук статистикалык комитети билдирди. Маалыматка ылайык, азыркы учурда АИ-95 маркасындагы күйүүчү-майдын литри – 71,48 сомдон сатылууда, март айында 70,19 сом болгон. Ал эми АИ-92 – 64,64 сомдон сатылып жатат, бензиндин бул түрү март айында — […]

Сизге жагышы мүмкүн