Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бир да мектеп жок

Автор

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Айбек Осмонов  Ош шаарындагы жол жана курулушу токтоп калган мектептерди айтып, айрыкча мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын мектеби жок экендигин баса белгиледи.

Эл өкүлүнүн айтымында окууга мүмкүнчүлүгү бар майып балдар үчүн Кыргызстанда бир дагы атайын мектеп ачылган эмес. 20 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген балдар мектеби жок үйдө отурушат.

Депутат мүмкүн болсо Бишкек же Ош шаарында жакын арада  атайын мектеп ачууну сунуштады.

Бөлүшүү:
Next Post

Киевде асманда ак жарык пайда болду

Шаршемби күнү кечинде Украинанын баш калаасынын асманда ак жарык пайда болду. Буга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Украин аскерлери спутниктин же метеориттин кулашы менен байланыштырууда. Украина президентинин аппаратынын жетекчиси тараткан алгачкы маалыматка ылайык, буга Украинанын абадан коргонуу күчтөрү себеп болгон. “НЛО жөнүндө кабатыр болбоңуз. Бул биздин абадан коргонуубуз”,-деп жазган Андрей […]

Сизге жагышы мүмкүн