Кыргызстанда мугалимдер жетишпей жаткандыгы айтылды

Автор

Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдарында ар кандай мектеп предметтери боюнча 1,3 миңден ашык мугалим жетишпейт.
Министрликтин маалыматы боюнча, кадрлардын жетишсиздиги эң көп Бишкек шаарында (493). Ал эми эле Чүй (292), Баткен (137), Жалал-Абад (110) жана Ысык-Көл (115) облустарында мугалимдердин олуттуу жетишсиздиги бар. Нарын (17), Талас (71) жана Ош (58) облустарында жана Ош шаарында (42) абал жакшы.
Айрыкча математика, орус жана англис тили, информатика, физика сабактары боюнча орус тилинде окуткан мектептерге эң чоң муктаждык бар экени белгиленди.
Министрлик ушул жылдын 15-августунан тарта орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын түздөн-түз тапшырмасы менен жаш мугалимдерди мектептерге кабыл ала баштаганын баса белгиледи.
1-сентябрга жакын аймактарда, райондордо иш жүзүндө канча кадр жетишпей жатканы билгилүү болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Байден Украинага жаңы жардамын жарыялады

АКШ президенти Жо Байден Украина президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Киевге жаңы аскердик жардам пакетин жарыялады. Анын айтымында, бул пакетке абадан коргонуу ракеталары, дрондорго каршы каражаттар, танкка каршы ракеталар, ок-дары жана мобилдик ракеталык системалар кирет. Телефон аркылуу сүйлөшүү 24-августта белгилене турган Украинанын Эгемендүүлүк күнүнүн алдында болду. Ошондой эле […]

Сизге жагышы мүмкүн